Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт
Бишкекте кезектеги жарманке 20-21-февралда өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтүүчү даректери:
* Ленин райондук администрациясы, Чапаева-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде;
* Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев көчөсү;
* Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков - Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
* Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов -Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Жарманкеде азык -түлүккө коюлган баалар:
- Уй эти - 405 сом
- Жылкы эти - 380-390 сом
- Кой эти - 410 сом
- Тоок эти - 190-200 сом
- Суу май (раст масло) - 118-120 сом
- Жумуртка 10 даана - 85-88 сом
- Үй жумурткасы 10 даана - 90-100 сом
- Кум шекер - 56-57 сом
- Күрүч - 55-60 сом
- Алма - 30-50 сом
- Сабиз - 12-15 сом
- Картөшкө - 22-25 сом
- Пияз - 15-16 сом
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















