super.kg logo

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде биринчиликке кайтып келди

 

Тесла менен SpaceX тин башчысы, америкалык ишкер Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде дагы бир жолу алдыга чыкты. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Масктын байлыгы учурда 199,9 миллиард долларды түзөт. Буга SpaceX баалуу кагаздарынын баасы өсүшү жардам берген, натыйжада компания 850 миллион долларга жакын киреше таап, жалпы наркы болжол менен 74 миллиард долларга чейин көбөйгөн.

Ошентип, Маск миллиардерлердин тизмесинен Bloomberg‘дин баалоосу боюнча 194,2 миллиард долларлык байлыгы бар Amazon корпорациясынын башчысы Жефф Безосту ашып кетти. Быйыл жыл башында Маск эң бай адамдардын тизмесинде биринчи сапка көтөрүлүп чыккан, бирок февралдын ортосуна чейин Безос лидерлигин калыбына келтирген.

2020-жылдын январь айында Маск Bloomberg рейтингинде 35-орунду ээлеп, ноябрдын аягында 128 миллиард доллар менен экинчи сапка чыгып, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстен алдыга озуп чыккан. Масктын байлыгынын бир жылдын ичинде тез көбөйүшүнүн негизги себеби Тесланын капиталдаштырылышынын өсүшү болгон.

Белгилей кетсек, агенттик түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтинги АКШдагы биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча күн сайын жаңыланып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
19.02.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар бир чон байлыктын артында чон кылмыш бар.
19.02.2021. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhazgul98,эмне ал кыргыздар эмес! То есть жегичтер эмес, ал депутат же чиновник эмес!
19.02.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым дагы ынсаптуу, ыймандуу адамга берет байлыкты, биздикилерге окшош чимкирик ыймандуу и ынсабы жок келесоолорго караганда.
19.02.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АКШда кылмыш кылсан оной эле билинет.Ал жакта жашоо бир кыйла онуккондуктон Масктын компаниясы киреше булагын оркундотуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: