"Иштегенге кетип калган". Изделип жаткан 39 жаштагы Гүланда Аманалиева аман-эсен табылды
Изделип жаткан Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин айылынын тургуну Гүланда Аманалиева аман-эсен табылды. Бул тууралуу Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
"Гүланда Аманалиева кечээ күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылынан табылды. Аны жолдошун, жакындарын чакырып аларга өткөрүп бердик.
Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам үйүнөн чыгып, иштеп кетип калган экен", - дешти аталган мекемеден.
Ал 2020-жылдын 30-октябрь күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















