Түркиянын Кечиөрен районуна коюла турган Манастын айкелин жасоо иштери башталды
Түркиянын Кечиөрен районуна коюла турган Манастын айкелин жасоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Анкара шаарындагы эң ири район Кечиөрен муниципалитетинин маңдайындагы майданда Манастын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан. Кечиөрен муниципалитети айкел тургузула турган жерди даярдап, айкелдин постаментин жасоо милдетин алган. Ал эми айкел Бишкекте жасалат.
"Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалын эске алып, элчилик айкелди жасоо максатын ишке ашыруу үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү ишкерлерге, Түркиядагы диаспоранын активдүү өкүлдөрүнө (дарыгерлерге, окумуштууларга, ишкерлерге) жана түрк досторго жекече кайрылган. Кийин Анкарадагы мекендештерибиздин тобу айкелди жасоо үчүн жумшала турган каражатка кошумча катары жардам жасоо демилгесин көтөрүп чыкканы жана активисттер тобунун атынан профессор Гүлзура Жумакунова эжебиз каражат чогултуу боюнча кайрылуу жасаганы маалым.
Белгилей кетчү нерсе, демилгечилер ушул күнгө чейин эч кандай каражат чогулбагандыгы тууралуу маалыматты билдиришти. Ошондой эле бул демилгеге салымын кошуу мекендештер үчүн милдеттүү болбогонун баса белгилейбиз.
Өз кезегинде, элчилик демилге көтөргөн диаспоранын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, каражат топтоо демилгесин токтотуу боюнча кайрылды.
Азыркы мезгилде Кыргыз өлкөсүндө жана Түркияда жашаган кыргыз ишкер жарандарыбыз эстелик орнотуу демилгесин колдоп жатканын, ошондой эле түрк досторубуздун арасынан да демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айкелди жасоо иши башталды", - деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Ар кимди жинди дей бербей озундун акылына жооп бер. Сен бир жактуу ой жугуртосун, ошондуктан айтылып жаткан ой пикирлерге чыдамсыз менен мамиле кылып жатасын.