Ысык-Атада бут кийими каналдын боюнан табылган эркек кишинин жансыз денеси табылды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бут кийими каналдын боюнан табылып, өзү изделип жаткан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-февралдан тартып Чолпон айылынын тургуну 1972-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары ӨКМнын кызматкерлерине Чоң-Чүй каналын бойлой издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
18-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 08:30да жалпы 18 куткаруучу тартылып, саат 10:40та маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ошол эле күнү Токмок шаарында саат 13:35те куткаруучулар Колхозная көчөсүндөгү көлмөдө болжол менен 30-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
