"ЭЛДИК КАБАРга жооп" : Ноокаттагы Шаңкол айылына быйыл таза суу чыгаруу башталат
Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Шаңкол айылынын жашоочусу айылдагы суу маселеси качан чечилет деген суроо менен кайрылып, аталган айылдын суусун видеого да тартып жиберген.
Бул боюнча Шаңкол айылы курамына кирген Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташболот уулу Бексултанга байланыштык. Анын айтымында СССР учурундагы таза суу түтүктөрү бузулуп калган. Ошондон бери айылда таза суу чыга элек.
"Кеңеш айыл өкмөтүнө караган 3 айылга таза суу чыгаруу иштери менен алектенүүдөбүз. Былтыр Арбын айылына жеке ишкер жана элдин демөөрчүлүгү менен таза суу чыгарылды. Шаңколго да таза суу чыгаралы деп иштер башталганда пандемияга байланыштуу токтоп калды. Бул жылы кайрадан баштайбыз. Жеке ишкер менен байланышып эски суу түтүктөрүн оңдойлу деп жатабыз. Бул маселени жергиликтүү кеңештин сессиясында да көтөрүүдөбүз. Дүйнөлүк Банк акча каражатын бөлүп, жаңы система курулганга чейин эскисин ишке киргизип турабыз", - деди айыл өкмөт.

