Лейлекте 47 жаштагы аял күйөөсү сабаганын айтып милицияга арыз жазды



Баткен облусунун Лейлек районунда 47 жаштагы аял күйөөсү сабаганын айтып милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, арыз 1-февраль күнү түшкөн. Арызды Лейлек районунун Андархам айылынын тургуну жазган.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ден соолукка жеңил зыян келтирүү" беренеси менен катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми денесинен жараат алган аялга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
-2

эрди катын урушат эси кеткен болушат деп
Негизи үй бүлөө маселеси үйдөн сыртка чыкпай чечилиш керек