super.kg logo

Бишкекте үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаран куткарылды

 

Бишкекте өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаранга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 19-февралда болжол менен саат 10:00дөр чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Ак-Ордо конушундагы ЖЭБдин астындагы чоң чуңкурчада белгисиз жаран өзүн-өзү өлтүргөнү жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда эски казылган чуңкурчанын ичинде белгисиз жаран жаракат алып, ордунан тура албай жаткандыгын көрүшкөн.

Тактоо учурунда 1993-жылы туулган аты-жөнү белгисиз жаран үй бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүн-өзү өлтүрүү максатында атайын ошол чоң чуңкурга кулаганы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери ӨКМнын жана аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте чуңкурдан көтөрүп алып чыгып, "Тез жардам" унаасына салып беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: