super.kg logo
  Саясат  

"Эмне үчүн Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кулматов камалбайт?". Шайлообек Атазов Матраимовдун боштондугун талап кылып жатат

 

Бүгүн, 19-февралда УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Анда Шайлообек Атазов сөз сүйлөп, Матраимовдун боштондугун талап кылып жатат.

"Райымбек Матримов ким? Ал Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Эгерде камай турган болсо, соттой турган болсо анда ошол кездеги Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов жүрөт. Эмнеге ошол убактагы президент, Ички иштер министри, Башкы прокурор акча төкпөй жүрүшөт? Далили жок бул кылмышты кылыптыр деп эч бир жерге маалымат бербей жатышат",- деди ал.

Кечээ, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: