“Ак-Тилек автожол” өткөрүү пунктунда 100гө жакын жүк ташуучу унаалар кезекте турушат
Кыргыз-Казак тилкесиндеги чек арада абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттары кадимкидей режимде иштеп жатат. Ал эми Казак тараптын "Карасу автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы мүчүлүштүктөргө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсү жайлатылган.
Ушуга байланыштуу Бишкек убактысы менен саат 15.00гө карата Кыргыз өлкөсүнүн аймагында, мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Казак тилкесиндеги “Ак-Тилек автожол” өткөрүү пунктунда 100гө жакын жүк ташуучу унаалар кезекте турганы маалымдалды.
"Кыргыз тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн эч кандай чектөө жок. Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматы мамлекеттик чек арадан өткөрүүгө тыюу салынган баңги заттардын, курал-жарак жана ок-дарылардын, жарылуучу заттардын бар-жогун текшерип жатат.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны катталган жок", - деп билдирет басма сөз кызматы.

