Аялын сабаган экс-милиционер окуяны ЖМКга жарыялаганы үчүн аялын жана басылманы сотко берди
Казакстанда мурунку милиционер жубайы Асел Алканованы алты жыл бою токмоктоп келген. Кийинчерээк аялы күйөөсүнөн көргөн зомбулук тууралуу басылмага жазып чыккан. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактарында айтылат.
Учурда Жексенов Асел Алкановадан ал тууралуу ЖМКга жарыялаганы үчүн бир миллион теңге талап кылууда.
Милиционер тууралуу жазган басылманын башкы редактору Лукпан Ахмедьяров сотко чакырылып, үчүнчү жак катары катышкан. Мурунку полиция кызматкеринин жактоочусу ММКны автор тууралуу ачык жарыялаганы үчүн экинчи айыпталуучу катары жоопко тартууну талап кылып жатат. Бирок гезит жазгандай, сот процесси башталганга чейин Жексеновдон жана анын жактоочусунан редакциянын атына эч кандай дооматтар түшкөн эмес.
Мындан тышкары, мурунку милиционер соттон эки юридикалык окуяны бир кароону талап кылууда. Анын доо арызына ылайык, сот сабоо фактысын четке кагуусу жана басылманын сайтында жана социалдык тармактарда тараган маалыматтар төгүндөлүшү керек. Башкы редактордун өтүнүчүн карап чыккан сот Хатим Ерсенова доо арызды кароосуз калтырган.
Асел Алкановага карата моралдык зыяндын ордун толтуруу жана күйөөсүнүн ар-намысын коргоо боюнча сот иши улантылат.
Эске салсак, 2020-жылы май айында Батыш Казакстан облусунда милиция кызматкеринин жубайы социалдык тармактарга күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып жаткандыгын жазган. Ал башынан жаракат алып, жаагы сынган. Кийинчерээк күйөөсү жумушунан алынганы белгилүү болгон.

Аялын таштап кеткен эркектер, кайра кыздыгын калыбына келтирип бере алабы. Жоок. Анда при чем тут кыздык. Кыздыгы бар кызды деле куйолору кордука батырып жатпайбы. Буга кандай дейсин. Азыр бир эркек беш кызды бирдей зордап кеткен эркектер жонундо эмне эстебейстн
Уй-булоо деген кандай болот, аялдын милдети кандай, эркектин милдети кандай экенин баары биле бербегендиктен ушундай конфликттер боло берет...
негизи андай болбойт, бири-бирин тушунуу менен мамле кылыш, мен тигиндеймин мындаймын деп озунун правасын качайтете берсе акыр аягы бир уй-булоонун бузулушуна алып келет...
Ошол диний адеп менен жашаган элде кыздар басмырланат. Анткени ар кандай диний эрежелерди билимсиз адамдар ойлоп чыгарышат.