Республиканын шаарларында 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларынын мектептерине 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө караганда, учурда келип түшкөн арыздардын жалпы саны - 7 миң 157.
Арыздарды шаарларга бөлгөндө:
- Бишкек – 6 миң 350;
- Ош – 150;
- Кара-Балта – 122;
- Токмок – 96;
- Кызыл-Кыя – 272;
- Жалал-Абад – 167.
Белгилей кетсек, 1-класска окуучуларды мектепке электрондук каттоо 15-февралда башталган. Электрондук каттоодон өтүнүн жол-жоболорун шилтеме аркылуу кирип, окуңуз.
Кошумча маалымат алуу үчүн ишеним телефондору:
- 0312 88 71 99
- 0500 88 71 99
- 0222 88 71 99
- 0990 88 71 99
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.