super.kg logo

Райымбек Матраимовду колдоо митингинин катышуучусу: "Эмне үчүн Дача-Су, Бишкек ЖЭБиндеги кычкачтар боюнча иликтөө чыкпайт?"

 

Бүгүн, 19-февралда Бишкекте бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Митингге Нарындан бери келген апа Райым Матраимов пандемия учурунда элге, жети облуска жардам бергенин айтты.

"Мен Нарындан бери келдим. Райымбек Матраимовду көргөн эмесмин. Мен ал адамды кылган ишинен тааныдым. Пандемия учурунда Матраимовдон кыйын миллиардерлер үйлөрүндө жатканда ушул Матраимовдор элди ажалдан ажыратып калуу үчүн ар бир облуска жардам берген", - деди ал.

Мындан тышкары ал Райымбек Матраимов жөнүндө иликтөөлөрдү жасап жаткан журналист Али Токтакуновго кайрылды.

"Раимбек Матраимов бажыда болгону орун басар болгон. Ошол убактагы бажынын башчысы Кулматов жөнүндө эмнеге сөз болбойт? Эмне үчүн Дача-Суда адамдардын өмүрү кыйылды? Ал жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? ЖЭБдеги кычкачтар жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? "Кыргыз Газы" бир сомго сатылып кеткен. Ал жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? Эмнеге Матраимовго эле асылып жатасың? Ал кыргыз элинин жерин сатыптырбы? Бул киши качып кеткенге толук мүмкүнчүлүгү бар болсо дагы качкан жок", - деди Нарындан келген жаран.

Учурда Райымбек Матраимовду колдоо митинги Биринчи Май райондук сотунун алдында уланууда.






Митингде Нарындан келген апа Али Токтакуновго кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(3)
19.02.2021. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Раимдин окул балдары куда сооогу, анын туугандары бириксе жон эле эки минге жетет,беш мин адам чыкса дагы раим уурдаганын кусушу керек.
20.02.2021. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандын эртенки келечегин ойлобойт эмнеге ушуга окшогон кишилер. Анткени сатылгандар. Аларды бугкнку кун эле кызыктырат, балдарынын келечеги аларга баары бирби?
Медиа-портал
20.02.2021. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи туура айтып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: