Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. 20-февралга карата аба ырайы
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0… +5, күндүзү +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүзү +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5 күндүзү +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүзү +2…+7.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүзү +5… +7 градус жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.