Маалыматка ылайык, өлкөдөгү блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube каналынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөй баштоосу керек.
"Салык комитетинин кызматкерлери блогерлердин ишмердүүлүгүн изилдеп чыгып, аларды салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү зарыл деген чечимге келишти. Бул жеке блогерлерге гана эмес, башка жеке жактарга да тиешелүү. Алар өз баракчалары жана каналдары аркылуу ири компаниялардын товарларын жарнама кылып акча алышат. Ошондуктан салык төлөшү керек. Бүгүнкү күнгө карата төрт блогер ишкер катары салык органдарына каттоого турушту", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми көптөгөн тажик блогерлери кирешелери көп деле эмес экенин айтышып, салык төлөй албай тургандыгын билдиришкен.

Супер-Инфо
super.kg видео

Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык тармактардан жана YouTube каналынан түшкөн кирешелеринен салык төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу жергиликтүү тажик басылмалары жазып чыгышты.
















мен аны көөп изилдеп көрдүм жанагы инстаграмдан да жарнамалагандарды жана гиф ойноткондорду бүт изилдеш керек