super.kg logo

Эртең Бишкектен тартып республиканын бардык аймактарында айыл чарба жарманкелери өтөт

 

Эртең, 20-февралда саат 10:00дө Бишкек шаарынын бардык райондорунда ар ишемби сайын өтүүчү салттуу айыл чарба жарманкелери өтөт. Жарманкеде 53 компания жана 61 фермердик чарба тарабынан наркы рынок баасынан төмөн ата мекендик өндүрүштөгү продукциялар сунушталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Өткөрүлүүчү жарманкелердин негизги максаты – калкты азык-түлүктүн (ун, кант, май, эт, жумуртка, күрүч, картошка, пияз, сабиз, алма) негизги түрү менен жетиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо".

* Биринчи Май районундагы жарманке Раззаков көчөсүндө, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн алкагында өтөт.

* Октябрь районундагы жарманке 12-кичи райондо Нуркамал Жетикашкаева жана Аалы Токомбаев көчөлөрүндүн кесилишинде өтөт.

* Свердлов районундагы жарманке Чыгыш-5 кичи районунда Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинде өтөт.

* Ленин районунда жарманке Бакаев (мурдагы Чапаев) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

"Айыл чарба жарманкелери эртең Бишкек жана Ош шаарларында гана эмес, өлкөнүн бардык облус жана район борборлорунда өтөт.

Жарманкенин уюштуруучулары - өкмөт, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы. Өлкөнүн бардык ири калктуу пункттарындагы айыл чарба жарманкелерин өткөрүү зарылдыгы тууралуу тапшырманы 2021-жылдын 17-февралында өткөн кеңешмеде премьер-министр Улукбек Марипов берген".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: