super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезек күтүп калышына мүчүлүштүк себеп болгону айтылды. Коңшу тарап маалыматты четке какты

 

Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын чек арасындагы "Карасу" көзөмөл өткөрүү пунктунда ондогон жүк ташуучу унаалардын өтүүсү жайлап, кезек күтүү орун алды. Мамлекеттик чек ара кызматынан көзөмөл өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатканын кабарлады.

Маалыматта Казак тарап "Карасу" көзөмөл өткөрүү пунктундагы текшерүү комплексинин ишиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсү жайлаганын билдиргени айтылат. Буга байланыштуу "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда 100гө жакын жүк ташуучу унаа кезек күтүп турганы кабарланган. Ал эми Кыргыз тараптан эч кандай чектөөлөр болбогону кошумчаланган.

ек арадагы өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат", - дешкен мекемеден.

Ал ортодо коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы көзөмөл өткөрүү жайындагы мүчүлүштүк болгон деген маалыматты четке какты. "Текшерүү жайы иштеп жатат, эч кандай мүчүлүштүк жок", - дешет Казакстандын тиешелүү кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: