super.kg logo

Чүйдө 2020-жылы кылмыштуулук 4 пайызга азайган

 

19-февралда 2020-жылга карата Чʏй облусундагы жергиликтүү соттордун жʏргʏзгɵн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп ɵттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, төрайымдын орун басары Айнаш Токбаева жана башка бир катар укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

"2020-жылдын статистикалык отчётуна ылайык, Чʏй облусунун жергиликтүү соттору 23 миң 782 иш караган. 2019-жылга салыштырмалуу 808 ишке же 4 пайызга азайган.

Апелляциялык инстанцияга 2020-жылы 2 миң 48 иш даттанылып, алардын ичинен 987 же 64 пайызы иш күчүндɵ калтырылып, 419 иш же болбосо 27 пайызы жокко чыгарылган. Жалпысынан алганда даттануулардын саны 5 пайызга тɵмɵндɵгɵн. 2020-жылы Чүй облустук сотунда 1 миң 720 иш каралып, 2019-жылга салыштырмалуу 2 миң 516 иш каралып, быйылкы кɵрсɵткʏчтɵр 796 ишке кыйла азайган.

2020-жылга карата кассациялык иретинде даттанылган иштер 604 же 35 пайызды түзɵт. Алардын 469 иши же 78 пайызы күчүндɵ калтырылган, 126 иш же болбосо 21 пайызы жокко чыгарылган. Кассациялык тартипте даттанылган иштердин саны 2019-жылы 834 иш же 33 пайызы Жогорку Сотко даттанылган. Алардын ичинен күчүндɵ калтырылган иштердин саны 600, жокко чагарылгандары 192, ɵзгɵртүлгɵндɵрү 41 иш", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: