super.kg logo

Ош-Бишкек унаа жолунда баңгизат ташып бара жаткан жаран кармалды

 

Токтогул районундагы унаа жолунан баңгизат саткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине жашы 30-35 чамасындагы кебетеси азиялык болгон жаран баңгизатты жасоо, сактоо жана сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, Ош-Бишкек унаа жолунда Ford Focus үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1986-жылы туулган А.Р. аттуу айдоочу токтотулган. Текшерүү учурунда унаанын салонунан таңгакталган кара-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар заттар табылган.

Андан аркы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн жашаган жеринен ушул сыяктуу 105 даана оролгон брикет табышкан. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылган жана алынган заттар гашиш экени аныкталган. Анын жалпы салмагы 1 килограмм 182 граммды түзгөн. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып короого токтотулду. Учурда иликтөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: