Бишкектеги Бугу-Эне-Багыш конушунун электр энергия жана суу маселеси чечилип, чек арасы аныкталат




Бугу-Эне-Багыш конушунун электр энергия жана суу маселеси чечилип, чек арасы аныкталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев менен Биринчи Май районунун башчысы Максат Нусувалиев жана башка кызматкерлер менен биргеликте Бугу-Эне-Багыш конушунда жолугушуу уюштурулду. Анда аталган конушту электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана участоктун чек араларынын баштапкы чегин аныктоо маселелери талкууланды.
"Жыйында "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына аталган конуштун базалык деңгээлин аныктоо боюнча жумуштарды бүтүрүү тапшырмасы берилди. Ал эми Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына тургундарды электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ишти тезинен баштоо, суу алуучу мунаранын курулушунун долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле шаардык транспорт башкармалыгы жашоочулар менен тез арада жолугуп, транспорт маселесин чечиши керектиги тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.
Биринчи Май районунун башчысы шаардык саламаттыкты сактоо департаменти менен биргеликте убактылуу фельдшердик борборду (ФАП) уюштуруу боюнча сунуштарды карап чыгуусу кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.