super.kg logo

АКШ коронавирус менен күрөшүү үчүн жакыр өлкөлөргө 4 миллиард доллар бөлөт

 

АКШ жакыр өлкөлөрдүн коронавирус инфекциясына каршы вакцина алуусун камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 4 миллиард доллар бөлөт. Мындай чечимди президент Жо Байдендин администрациясы кабыл алганын чет элдик басылмалар билдиришти.

Ага ылайык, Жо Байден бул кадамы аркылуу башка бай мамлекеттерди да дүйнөдө коронавируска каршы күрөшүүгө өз салымдарын кошууга шыктандырат.

"АКШ эл аралык COVAX программасына токтоосуз түрдө эки миллиард доллар которот. Дагы эки миллиард доллар эки жыл аралыгында бөлүнөт. COVAX — ар кайсы өлкөлөрдөгү калктын аярлуу катмарына вакциналарды сатып алуу жана таратуу боюнча глобалдык долбоор. Программа кедей өлкөлөрдүн бай мамлекеттерден кем калбай, элди эмдөөнү уюштурушуна жардам берүүгө багытталган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.02.2021. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге берсин хотябы 2 млрд долларын
20.02.2021. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздикилер сурап койушса керек заранее
20.02.2021. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Американы көпчүлүк жаман көргөнү менен чын дилинен дүйнөгө жардам колун сунган бир гана ушул Америка! Калганы жардам берсе дагы айтып алат бир сыйра, Россия, Туркияга окшоп!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: