super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 110 миллион 687 миң 323 адам жуктуруп алды

 

Бүгүн, 20-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 110 миллион 687 миң 323 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 62 миллион 316 миң 265 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 450 миң 499 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 27 миллион 999 миң 565 болду. 495 миң 506 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 963 миң 394 адамдан аныкталды. 156 миң 111 адам каза болсо, 10 миллион 667 миң 741 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 10 миллион 84 миң 208 адам вируска кабылган. 244 миң 737 бейтап көз жумса, 8 миллион 988 миң 618 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: