Артём Новиков: "Президенттин инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө жарлыгын сапаттуу деңгээлде ишке ашыруу зарыл"

"Президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын сапаттуу жана жогорку деңгээлде ишке ашыруу зарыл", - деди онлайн-кеңешменин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Артём Новиков инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу концепцияны иштеп чыгууда тарбия берүү, окутуу, маданий жактан өркүндөтүү, эртелеп өнүктүрүү тутумун өзгөртүүгө карай комплекстүү мамилени, калктын бардык катмарынын спорттук, өнүктүрүүчү, чыгармачыл инфраструктурага карай жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча жарлыкта көрсөтүлгөн башка багыттарды эске алуу менен иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Тармактык мамлекеттик органдарга концепциянын долбоорун илимий чөйрө, коомдук ишмерлер жана бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкуулоо үчүн үстүбүздөгү жылдын март айынын башталышына карай сунуштоо тапшырылды.
Кеңешменин алкагында ошондой эле өлкөнүн 2021-жылга карата маданий жашоосуна тийиштүү маселелер козголду, аны талкуулоонун жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине республикалык театрлардын аймактар боюнча гастролунун графигин даярдоо тапшырылды.

