Хабиб Нурмагомедов мушташ учурунда Жастин Гэтжи менен болгон сүйлөшүүсү жөнүндө айтып берди (видео)

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжи менен кармаш учурунда барган психологиялык куулугу жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу ал интервью берип жаткан учурунда айткан.
Спортчу анда атаандашы менен болгон сүйлөшүү тууралуу эскерүүлөрүн бөлүшкөн.
"Мен бул күрөштү физикалык абалы боюнча эмес, психологиялык жактан жеңгениме ишенем. Мен аны сөз менен сындыра алдым",- деген Нурмагомедов.
Орусиялык мушкер 2020-жылдын октябрь айында америкалык Жастин Гэтжини уткандан кийин спорттон кетерин жар салган. Мындай чечимди ал апасынын өтүнүчүнөн соң кабыл алганын билдирген.
Нурмагомедов карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарында жеңүүчү аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

силер хабибке болеть этесинер
бирок кавказдар орто азияны брат катары корушпойт
силерди согушат, таксиде акчанарды бербей чумонорду чыгарышат
а силер хабиб хабиб деп болеть эте бересинер
ойлонсонор бираз