super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 111 миллион 338 миң 617 адам жуктуруп алды

 

Бүгүн, 22-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 111 миллион 338 миң 617 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 62 миллион 808 миң 681 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 465 миң 846 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 133 миң 627 болду. 498 миң 879 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 991 миң 651 адамдан аныкталды. 156 миң 212 адам каза болсо, 10 миллион 689 миң 715 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 10 миллион 168 миң 174 адам вируска кабылган. 246 миң 504 бейтап көз жумса, 9 миллион 95 миң 692 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: