super.kg logo

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип, 42 жаштагы аял кармалды

 
Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 9-июнда милицияга М.М. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда М.Г. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, пайда табабыз деп убада кылып, 532 миң 730 сом өлчөмүндө банктагы акчаны накталай акчага айлантып, убадасын аткарбай качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бипдиктүү реестрине 204-берене "Алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган М.Г. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары улантылып жатканын билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: