super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин кароо уланып жатат

 
"Кумтөр" маселеси депутаттардын кызуу талаш-тартышы менен уланууда
Жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт мүчөлөрү, башкы прокурор Аида Салянова жана "Кыргызалтын" ишканасынын өкүлдөрү, эксперттер катышууда
Төрага Асылбек Жээнбеков: "Кумтөр" маселесин кароодо шашпашыбыз керек, керек болсо 2 күн карайбыз"
Депутаттардын арасында "Кумтөр" маселесин референдум аркылуу чечели дегендер болууда
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүдө кыргыз тараптын үлүшүн 50 пайыздан ашыра албаганын моюнга алды
Депутаттардын көпчүлүгү өкмөт сунуштаган долбоорду колдобой тургандыгын айтышууда
Башкы прокурор Аида Салянова "Кумтөр" боюнча жалпы 9 кылмыш иши козголгонун айтты
Депутаттардын көпчүлүгү өкмөт сунуштаган долбоорду колдобой тургандыгын айтышууда

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин кароо улантылууда. Суроо-жооп бүтүп, депутаттар өкмөт сунуштаган долбоорду талкуулоого өтүштү. Депутаттардын көпчүлүгү меморандумду колдобой тургандыгын билдиришүүдө. Алар долбоор кыргыз тараптын кызыкчылыгына толук жооп бербей турганын айтышты.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: