super.kg logo

Камактагы мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы? Расмий жооп

 

Бүгүн, 22-февралда жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине камактагы мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ачкачылык жарыялагандыгы жазылды. Мындан улам Кыйноолордун алдын-алуу борборуна кайрылганыбызда бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айтышты.

"Биз Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялады деген имишти социалдык тармактардан окудук. Ал эми бизге жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири байланышка чыкканда биз барып жолугарыбызды айтсак ушундай маалыматты таратып жиберишиптир. Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Эске салсак, буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
22.02.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул уродду атып эле салгылачы.
22.02.2021. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого олум тилегенче озунузго омур тилесениз туура болсо керек
22.02.2021. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар 1кунда чыдабайт болуш керек казы чучук жеп конуп калганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: