super.kg logo

Ошто түнү менен карта ойношуп, эртең менен бири-бирине бычак менен тап берген достор кармалды

 

Ошто бири-бирине бычак менен тап берген достор кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-февраль күнү болжол менен саат 05:45 чамасында Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында З.А., И.М. жана А.А. аттуу жарандар үйүндө бири-бирине бычак көтөрүп тополоң кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Жогорудагы аты аталган жарандардын спирттик ичимдик ичкенин тактоо боюнча наркологиядан текшерүү жасалды. Аларга карата милиция кызматкерлери тарабынан кол көтөрүү болгон эмес. Алардын биринин жубайы ички иштер бөлүмүнө алып келген учурдан баштап коштоп жүрөт. Алар М. аттуу досунун үйүнө барышып, түнү менен карта ойношуп, таңга маал саат 5:30 чамасында чырдаша кетип колуна бычак алып бирин-бири кубалашкан. Бул учурда кошуналары милицияга кабар беришкен", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.02.2021. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карта ойноп бир бирине бычак көтөргөн адам эч качан бир бирине дос болбойт
22.02.2021. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам оюн ошондой болот
22.02.2021. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылымго. Биздикилерби же туугандарбы. Бычакташкандар
23.02.2021. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sancho-,жээндер го дейм,биздикилер бычагы жок былчылдашыр алышат,анан милиция га жеткизбей элдешип алышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: