Кыргызстандык студенттерге Иранда билимин улантууга 5 гранттык орун бөлүнөт
Бишкек гуманитардык университетинде 9-октябрда өткөн “Иран менен Кыргызстандын маданий жалпылыктары” аттуу семинарда Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи Хошруди
Иран Ислам Республикасынын жогорку окуу жайларындагы аспирантура жана докторантурада билимин улантуу үчүн кыргызстандык студенттерге 5 гранттык орун бөлүнө турганын айтты. Али Наджафи Хошруди: “Иранда чет элдик билим берүүгө да чоң маани берилет. Биз бул багытта Кыргызстан менен да кызматташып, каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Быйыл Ирандагы ЖОЖдордун аспирантура жана докторантурасында билимин улантууга 5 кыргызстандык студентке гранттык орундар бөлүнөт”,- деди ал.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

