super.kg logo

Баласы чиновниктер менен тамактанганы үчүн Япониянын премьер-министри кечирим сурады

 

Япониянын өкмөт башчысы Ёсихидэ Суга баласы чиновниктер менен тамактанганы үчүн кечирим сурады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, премьер-министрдин уулу Япониянын Ички иштер жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү менен бир дасторкондо болгон.

Андагы маалыматта өткөн жылы министрликтин 4 өкүлү премьер-министрдин "Tohokushinsha Film" телекомпанияда иштеген улуу баласы менен чогуу тамактанганы айтылат. Тамак үчүн төлөм өкмөт башчынын уулу тарабынан болгон деп болжолдонот.

Бир күн мурун Токиодо министрлер кабинетинин жыйыны болуп, анда чиновниктердин жүрүм-турум эрежелерин бузуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчы Ёсихидэ Суга чиновниктердин жүрүм-турум эрежелерин бузган аракеттерине баласынын катыштыгы бар экендиги үчүн кечирим сурады.

Премьер-министрдин уулу иштеген компания спутниктик берүү укугуна ээ болуу үчүн лицензия алып турат. Лицензия өлкөнүн Ички иштер жана коммуникация министрлиги тарабынан берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.02.2021. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде жонокой туулган кун театрда, атасынын туулган куну чоон спорттук иш чара коштолуп баардык чиновниктер барат,уялып кечирим сурабай эле мактанат го.
23.02.2021. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коррупциянын алдын алгандарын кара, а бизде жылкы союп сыйлайт бир ишти бутуруш учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: