super.kg logo

Италиянын Конго өлкөсүндөгү элчиси куралдуу кол салуудан көз жумду

 

Конго Демократиялык Республикасындагы Италиянын элчиси Лука Аттанасио куралдуу кол салуудан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, чабуул Түндүк Киву провинциясынын Гома шаарынын аймагында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын автоунаалар колонасына жасалган.

"Эки унааны белгисиз адамдар барымтага алышкан. Италиянын элчиси отурган унаада андан башка дагы үч адам болгон. Айдоочу жана элчи каза болгон. Жаракат алгандардын абалы оор. Аларга Конго өкмөттүк күчтөрүнүн жана жакын жердеги Вирунга коругунун коопсуздук күчтөрү жардамга келген",- деп жазылат маалыматта.

Италиянын Конго өлкөсүндөгү элчиси Лука Аттанасио 2019-жылдын октябрь айынан бери аталган кызматты аркалап келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: