super.kg logo

INOI 5 2021 смартфонун сатып алууда экинчи телефон белекке

 

O!Store дүкѳндѳрүнѳн майрамдарга карата кезектеги жагымдуу сюрприз – жаӊы акция!

2021-жылдын 22-февралынан 31-мартына чейин INOI 5 2021 смартфонун сатып алсаӊыз, дагы бир INOI 239 БЕЛЕККЕ БЕРИЛЕТ!

INOI 5 2021 смартфондун эӊ негизги функциялары керек болгон бардык кишилер үчүн мыкты жардамчы боло алат. Эгер сизге кѳп ядролуу процессорлор, беш камера жана башка флагман атрибуттарынын зарылдыгы жок болсо, анда ашыкча тѳлѳѳнүн эмне кереги бар?

Бул ѳз ишин мыкты аткарган смартфон. Жеӊил жана колго кармап жүрүүгѳ ылайыктуу. INOI 5 2021 социалдык тармактарды карап чыгуу, мессенджерлерден баарлашуу жана You Tube’дан видео кѳрүү үчүн ыӊгайлуу. Андан жеӊил оюндарды ойносо болот. Кутусунда заряддоочу түзүлүштѳн тышкары кыска micro-USB кабель жана батарея бар. Дагы бир сюрприз – смартфондун арткы панели толугу менен чечилет, демек, кѳп убакыт бою колдонгон учурда батареясын ѳз алдынча алмаштырып алуу мүмкүн. Смартфондун баасы – болгону 6590 сом. Айына 1099 сомдон кредитке же бѳлүп тѳлѳѳ менен алса болот.

Белектик INOI 239 телефону – бул ѳтѳ жеӊил, чакан жана колдонулушу жѳнѳкѳй баскычтуу телефон. Ал эки SIM-карта менен иштейт, орнотулган FM-кабыл алгычы бар. Телефон менен музыка угуп, видеороликтерди кѳрѳ аласыз. Ошондой эле Bluetooth технологиясы бар, ал эми караӊгы жайга кирип калсаӊыз, жаркыраган чырагы сизге жардамчы болуп берет. Кѳп сандагы медиафайлдарды сактап коюу үчүн телефонго 16 ГБ чейин micro SD эстутум картасын орнотосо болот.

O!Store дүкѳндѳрүнѳн пайдалуу белектер менен бири-бириӊерди кубанткыла.

Акцияга бир эле модель – INOI 5 2021 катышат. Товар тастыкталган. Акциялык товарлар менен белектердин саны чектелүү. Бардык дүкѳндѳрдүн даректерин https://ostore.kg/about/contacts/ шилтемеси аркылуу билсеӊиз болот. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдѳн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ № 037 лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: