Өлкөдө орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окугандардын басымдуу бөлүгү кыздар
Республикада 2020-2021- окуу жылынын башталышына карата 138 орто кесиптик билим берүү мекемеси иш алып барды. Анда 96 миңге жакын студент билим алат. Алардын жарымынан көбүн (56 пайызын) кыздар түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.
2020-2021 – окуу жылында орто кесиптик окуу жайларына тапшыргандардын арасында эң популярдуу адистиктер:
- билим берүү - 26 пайыз;
- саламаттыкты сактоо – 18 пайыз;
- экономика жана менеджмент – 14 пайыз;
- техникалык адистиктерге – 13 пайыз кабыл алынды.
2016-2017 – окуу жылына салыштырмалуу кабыл алынгандардын санынын эң көп өсүшү информатика жана компьютердик технологиялар (49 пайыз) жана билим берүү (21 пайыз) адистиктеринде байкалган. Ал эми айыл чарба жана балык чарбасы 2 эсеге, экономика жана башкаруу дээрлик 17 пайызга кыскарган.
Адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алынган студенттердин санын бөлүштүрүү
2020-2021- окуу жылынын башында республикада 57 жогорку кесиптик окуу жайлары (ЖКОЖ) иштеди. Аларда 214 миңден ашык студент окуйт. Анда окугандардын жарымынан көбү (52 пайызы) кыздардын үлүшүнө туура келет.
Жогорку кесиптик окуу жайларынын студентеринин арасында абдан көп суроо-талап болгон адистиктер:
- педагогикалык илимдер - 24 пайыз;
- гуманитардык жана социалдык адистиги боюнча - 23 пайыз;
- медициналык - 15 пайыз;
- экономикалык – 12 пайыз;
- техникалык адистиктер боюнча – 11 пайыз.
2016-2017-жылга салыштырмалуу педагогикалык илимдер адистигине (3,3 эсе), экономикалык (2,7 эсе), медициналык (2,6 эсе), ошондой эле гумманитардык жана социалдык адистиктерине (1,8 эсе) кабыл алынгандардын саны өскөн.
Адистиктер боюнча жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алынган студенттердин санын бөлүштүрүү


