super.kg logo

Бишкекте таксисттер канча акча табышат?

 

Бишкектеги таксисттердин кирешесинин көлөмү тууралуу билип, аны башка кесип менен алектенгендердин орточо кирешеси менен салыштырып көрдүк. Анткени шаардын көпчүлүк жашоочулары ушул тармак аркылуу жан багышат.

Айдоочулар бир күн ичинде тапкан кирешесинин суммасын сүрөт иретинде биздин сураныч боюнча жөнөтүштү. Биз айдоочулардын тиркемелеринен бир нече скриншотторду көрсөтөбүз (алардын жеке маалыматтары жашырылган).

Мисалы, кызматтардын бирин Сервис1 деп атайлы, бир айдоочунун күнүнө тапкан кирешеси 3 миң сомго, экинчиси - бардык комиссияларды чыгарып салгандан кийин 3,5 миң сомго жеткени көрүнөт.


Бул жерде Сервис1 тиркемеси аркылуу иштеген айдоочунун 15-февралдагы кирешесинин суммасы мисал катары көрсөтүлгөн. (Мисал жогорудагы сүрөттө)

Сервис 1 тиркемеси аркылуу иштеген айдоочунун февраль айынын биринчи жарымындагы кирешесинин мисалы. (Мисал жогорудагы сүрөттө)

Маселен дагы бир кызматты Сервис 2 деп атай турган болсок, анын тиркемесинде айдоочу күнүнө 2 миң 600 сом иштеп тапкан (комиссияларды чыгарып салгандан кийин).

Сервис 2 деп атаган таксинин тиркемеси аркылуу иштеген айдоочунун 17-февралдагы кирешесинин мисалы жогорудагы сүрөттө.

Маселен, шаардагы дагы бир такси кызматын Сервис 3 атайлы, анын тиркемесинде бир айдоочу комиссияны чыгарып салгандан кийин күнүнө 1 700 сом иштеп тапкан. Ошентип, үч тиркемеде киреше күнүнө 1 700 сомдон 3 500 сомго чейин.

Сервис 3 тиркемеси аркылуу иштеген айдоочунун 17-февралдагы кирешесинин мисалы жогорудагы сүрөттө.

Киреше таксисттин аткарган жумушунун көлөмүнө, убактысына жараша ар кандай болушу мүмкүн.

Такси кызматы тууралуу Алым Такиев аттуу айдоочу менен маектештик:

“Бардыгы айдоочудан көз каранды. Кимдир бирөө тынымсыз иштейт, кимдир бирөө кээде гана таксиге чыгып коюшу мүмкүн. Айрымдары өздөрүнүн эмес, ижарага алынган унааны айдашат. Албетте, алардын кирешесинин бир бөлүгү ижарага кетет. Мен унаа өзүмдүкү болгондуктан, үй-бүлөмдү таксиден тапкан акча менен багып жатам деп айта алам, баарына жетиштүү. Ар кандай тиркемелер менен айдайм. Буга чейин Yandex’тен башка дагы тиркемелерин сынап көрүп, аягында Yandex тиркемесине токтолдум. Yandex тиркемесинен комиссияны чыгарып салгандан кийинки күнү орто эсеп менен 2000-2300 сом чыгат. Кандай болгон күндө дагы, көп акча тапкандар, аз тапкандар дагы бар. Бул тиркемеден өзүңө ыңгайлуу аймакты белгилесең, ишкана ошол тараптан сага кардар таап берет. Үйгө кетип бара жатканда да жөн кетпейсиң, “үйгө кетип жатам” деген баскычты бассаң, сени үйүң тарапка кете турган кардар менен камсыздайт.

Улуттук Статистика комитетинин маалыматы боюнча, республикада экономикалык иштин түрлөрү боюнча жумушчулардын орточо эмгек акысы айына 9 миңден 36 миң сомго чейин өзгөрүлүп турат. 2020-жылдын январь-сентябрь айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 17 миң 926 сомду түзгөн. Бирок бул сумма иштеген тармак боюнча айырмаланат. Мисалы, такси кызматын камтыган транспорт тармагында орточо киреше бюджеттик эмес тармакта 20 миң 917 сомду, мамлекеттик сектордо 18 миң 306 сомду түзөт. Ошол эле учурда, соода жана автоунааларды оңдоо чөйрөсүндө бул көрсөткүчтөр төмөн. Бюджеттик эмес тармакта 17 миң 238 сом, мамлекеттик сектордо 4 миң 715. Билим берүү жаатында орточо эмгек акы төмөн. Бюджеттик эмес сектордо 19 миң 259 сом жана мамлекеттик сектордо 13 миң 924 сом. Ошол эле учурда, саламаттыкты сактоо тармагында орточо киреше кыйла төмөн. Бюджеттик эмес тармакта 11 миң 588 сом жана мамлекеттик сектордо 10 миң 682 сом»


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
22.02.2021. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Медицина да врачтар жакшы тапса медсестра ото аз табат
22.02.2021. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
100 процент реклама. Түшкө кирбеген сумманы айтат го.
23.02.2021. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Яндекстен кечее грязным 10800 р иштедим,машина Минивен форд гелакси,тариф минивен.г Москва
23.02.2021. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар
23.02.2021. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Москвада жакшы эле болуп калды, эконом деле 6000 болуп атат тазасы.
23.02.2021. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такси айдайт окшойм
23.02.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкеке яндекс болбойт, процентти олчойтуп алып шопурдун канын сорот, бул жөн эле реклама
23.02.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Яндекс компаниясын кыргызстандан кетууго аргасыз кылуубуз керек, кантип? Озубуздун ата мекендик такси компанияларын колдошубуз керек, акча озубуздо калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: