super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 112 миллионго жакын адам жуктуруп алды

 

Бүгүн, 23-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 111 миллион 700 миң 418 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 62 миллион 808 миң 681 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 473 миң 144 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 186 миң 824 болду. 500 миң 201 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 5 миң 850 адамдан аныкталды. 156 миң 385 адам каза болсо, 10 миллион 699 миң 410 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 10 миллион 195 миң 160 адам вируска кабылган. 247 миң 143 бейтап көз жумса, 9 миллион 103 миң 327 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: