"Жуманазарова, Тыныбекова..." Кыз-келиндер курамасы Украинадагы эл аралык турнирге катышат (тизме)
26-28-февраль күндөрү Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнир өтөт. Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында кыз-келиндер курамасы дагы катышат. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышчу кыз-келиндердин тизмеси:
Жуманазарова Сезим - 57 килограмм;
Марсбек кызы Назира - 59 килограмм;
Тыныбекова Айсулуу - 62 килограмм;
Жуманазарова Мээрим - 68 килограмм;
Медет кызы Айпери - 76 килограмм;
Изабеков Нурбек - Башкы машыктыруучу.
Кыз-келиндер курамасына ийгилик каалайбыз!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.