Өлкөдө "Спутник V" вакцинасы каттоого алынды
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаменти тарабынан коронавирус инфекциясын алдын алуу жана дарылоо үчүн "Спутник V" вакцинасына каттоо күбөлүгү берилди.
Аталган министрликтин маалыматы боюнча, вакцинаны өлкөдө каттоо менен жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн калкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
"Спутник V" вакцинасы өткөн жылы август айында орусиялык окумуштуулар тарабынан коронавируска каршы иштелип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.