Пакистанда согушкерлер тарабынан активист аялдар өлтүрүлдү
Кечээ, 22-февралда согушкерлер деп шектелген топ Пакистандын Ооганстан менен чектешкен мурдагы батыш уруу аймагындагы бейөкмөт уюмдардын кызматкерлерин ташып бараткан унаага буктурма жасап, төрт аялды өлтүрүп, айдоочуну жарадар кылды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кол салуу Түндүк Вазиристан аймагында болгонун жергиликтүү полиция кызматкери Икбал Хан билдирген. Райондук полициянын башчысы Шафиулла Хан дагы кол салууну тастыктап, полиция кол салгандардын изин суутпай издөө иштерин баштаганын билдирди. Алар жакынкы тоолорго качып кетишкен.
Жабыркагандар Пакистандагы кайрымдуулук уюмдардын биринде иштеген активист аялдар, алар ишкердикке кызыккан аялдарды окутуп, өз укуктарын билүүгө жардам берип келишкен.
Кол салуу пакистандык укук коргоочулардын социалдык тармактарда нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк күнөөлүүлөргө тезинен чара көрүүгө чакырышты.
Полициянын айтымында, согушкерлер алдын-ала билдирүү алып, аялдардын келишин күтүп жатышкан. Пакистандын согушкерлери акыркы айларда аймактагы ишмердүүлүгүн күчөтүп, мурдагы Талибан таяныч аймагында кайрадан топтолуп жатышат деп чочулап жатышат.





1 |