ЭЛДИК КАБАР: "МАИ кызматкерлери кайсы жакты карап жүрүшөт" дейт окурман
SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына шаар тургуну кайрылды. Ал Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилерине карабастан унаалардын катары менен токтоп турганын билдирген.
"Бул жерге сызыкты кескенге болбойт деген жол белги турат. Бирок ага карабастан унаалар катары менен туруп алган. Оңго буруларда кантип анан бул сызыкты кеспей коёсуң, ушинтип анан айып пул төлөйбүз. МАИ кызматкерлери кайсы жакты карап жүрүшөт", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
ЭЛДИК КАБАР: "МАИ кызматкерлери кайсыл жакты карап жүрүшөт" дейт окурман
