super.kg logo

Грузияда жергиликтүү бийликтин оппозициялык партиясынын башчысы кармалды

 

Грузияда атайын күчтөр оппозициялык "Бириккен Улуттук Кыймыл" партиясынын кеңсесинде көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, анын төрагасы Ника Мелияны кармап кетти. Бул тууралуу расмий булактарга таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта кеңсенин жанына көптөгөн "Тез жардам" жана патрулдук милиция бригадалары топтолуп, атайын отряд Мелия жаткан бөлмөгө кирип келип аны кармашкан. Мелия экс-президент Михаил Саакашвилинин эң ири оппозициялык "Бириккен Улуттук Кыймыл" партиясынын төрагасы болгон. Ал 2019-жылы жайында Тбилисиде бийликке кол салган деп айыпталууда. Бирок Мелия өзүн күнөөсүз деп эсептейт. Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында соттун камакка алуу буйругунан кийин Мелия партиянын кеңсесинде өзүн камап, башка оппозиция өкүлдөрү аны кайтарышкан.

Эске салсак, бейшемби күнү Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария Мелия боюнча команда менен пикир келишпестиктен улам кызматтан кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: