Оң көзүнө темир буюм менен чапкан. Бишкекте "Ореховая роща" сейил багында бейбаштык кылганга шектүү кармалды
Бишкек шаарындагы "Ореховая роща" аталышындагы сейил багында бейбаштык кылган деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-февраль күнү Октябрь РИИБине Ч.М. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:00дө 6-кичи районунда жайгашкан "Ореховая роща" сейил багынан арыз ээсин эч себепсиз уруп, оң көзүнө темир буюм менен чапкан. Андан кийин из жашырып качып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.