super.kg logo
  Саясат  

Мыктыбек Абдылдаев өкмөт башчыга "өз эркиңиз менен кызматтан кетип калбайсызбы" деди

 

Парламентте "Кумтөр" маселесин кароо уланып жатат. Депутат Мыктыбек Абдылдаев өз сөзүндө өкмөт башчыга кайрылып: "Сиздин азыркы абалыңыз "же эшек жок болот, же мен жок болом" деген анекдоттогудай болуп жатат. Өз эркиңиз менен кызматтан кетип калбайсызбы" деген сунуш айтты. Буга Жантөрө Сатыбалдиев: "Эгер менин атым менен эле "Кумтөр" маселеси чечилип калса, анда менде каршылык жок",- деди. "Кумтөр" маселеси оңой чечилбей турганын белгилеген Абдылдаев бул ишти башка бирөө чечсин деген да оюн айтты. "Кумтөр" көйгөйүн башка бирөөгө өткөрүп бериңиз. Кыйратам деген бирөө чечсин",- дейт депутат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: