super.kg logo

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Фейсбуктагы баракчасы фейк эмес экенин жазып чыкты

 

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Фейсбуктагы баракчасы фейк баракча эмес экендигин жазып, аны колдоп жаткандарга ыраазычылыгын айтып социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кубаттады.

"Көптөгөн каралоолор бир тараптуу болгонуна байланыштуу, өз ой-пикиримди жеке баракчам аркылуу билдирип турууну туура көрдүм. Бул баракча жеке өзүмө тиешелүү, эч кандай фейк аккаунт эмес.

Мен ишенем Кудай буюрса Кыргыз өлкөсү, сөзсүз тез өнүгүп бара жаткан, Орто Азиядагы эң бай өлкөгө айланат. Баары өз ордуна келет, сөзсүз түрдө Кыргыз өлкөсүнөн жолугушабыз, мамлекеттин казынасынан 1 тыйын албаганымды, саясий куугунтук болгонун далилдейм",- деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ, 22-февралда социалдык тармактарда Сапар Исаковдун аты-жөнүн көрсөткөн баракча жүргөн жери Москва экендигин белгилеп, билдирүү калтырган болчу.

Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланган. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингчилер тарабынан бошотулган. "Үй-бүлөлүк себептерден улам жети күнгө" деген жазуу менен бошотулган Сапар Исаков менен Албек Ибраимов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 2020-жылдын 13-октябрында келиши керек болчу. Бирок ушул күнгө чейин анын кайда экендиги тууралуу маалымат жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
23.02.2021. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казынадан бир тыйын уурдабаган болсон келип доказать кыл качпай эркекке окшоп жооп бер кылган иштерине
24.02.2021. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбайдын балашкасы алыстан тур актанатко
24.02.2021. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дагы Даниил Урицкий болойун деп жатса керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: