super.kg logo

Ысык-Атада 4 жашар бала өгөй атасы тарабынан сабалган. Шектүү кармалып, тергөө башталды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 4 жашар бала өгөй атасы тарабынан сабалган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

23-февраль күнү Ысык-Ата РИИБине Узун-Кыр айылынын тургуну кайрылып жарандык никеде жашаган күйөөсү 22-февраль күнү саат 21:00 чамасында биринчи никеден төрөлгөн 2016-жылы туулган баласын сабалганын айтып арызданган.

Арыз боюнча айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери арыз ээсин суракка алышканда ал жолдошу менен телефон аркылуу уруша кеткенден кийин ага билдирүү келип түшкөн. Анда баласы сабалган видео болгон. Мындан улам ал ошол замат милицияга кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1988-жылы туулган К.К. аттуу жаран кайрылган.

Тергөөдө шектүү менен жабырлануучу келин 2016-жылдан бери жарандык никеде жашап, 2016-жылы жана 2018-жылы туулган эки баланы тарбиялап келе жатышкан. Алардын бири келиндин мурунку жолдошунан.

Мындан тышкары, жубайлар Лебединовка айылында жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринде жарым-жартылай иштеп жүрүшкөн. Учурда кармалган адам Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми 4 жашар балага медициналык жардам көрсөтүлүп андан кийин энесине өткөрүлүп берилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки иш уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.02.2021. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тенирим жазасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: