Президент Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү бүгүн, 23-февралда орун алган.
Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Атап айтканда, мамлекет башчылары жогорку деңгээдеги иш сапарларды уюштуруу, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, эки өлкө ортосундагы ырааттуу авиакаттамдарды жандандыруу, ошондой эле эки тарап тең кызыкдар болгон долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.
Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин эмири шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахты Кувейттин алдыдагы Улуттук майрамдары менен куттуктады.
Ал кувейт тарапка 2020-жылдагы пандемия учурунда Кыргыз элине Кувейттин кайрымдуулук уюмдарынын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах Садыр Жапаровду президент кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Кувейтке иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.