Талас облусунда шахмат боюнча мелдеш болуп өттү



Талас шаарында Талас облусу боюнча жаш өспүрүмдөр жана улуу муундар арасында шахмат оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чарага өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов катышты. Мелдеште жеңүүчүлөр аныкталып, Ардак грамоталар менен сыйланышты.
"Ыйгарым укуктуу өкүл Талас облусунун шахмат федерациясынын жетекчиси Мырза Бекбаевге ушундай оюнундарды өткөрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле шахмат оюндарына облустук деңгээлде көңүл бурулуп, жаш муундарыбыздын акыл-эсин өстүрүүдө чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.