super.kg logo

Максатбек Токтомушев: "Менин дарегиме тиешелүү видео - бул бир чоң окуянын кичинекей үзүндүсү" (видео)

 

22-февралда интернетке муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткандагы делген видео тараган. Видео азыркы тапта да колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланууда.

Шамалдай ылдамдык менен тараган видеодо мурунку муфтий Максатбек Токтомушевдин ысымы аталгандыктан ал көп күттүрбөй кечээ, 23-февралда социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирүү жасаган.
Максатбек Токтомушев жергиликтүү маалымат булактарынын бирине бул видео боюнча түшүндүрмө берип, азыр тергөө жүрүп жаткандыктан көп нерсе айта албастыгын жана бул бир чоң окуянын кичинекей үзүндүсү экенин айтып берди.

"Кечээ менин дарегиме тиешелүү видеонун тарап кеткени - бул бир чоң окуянын кичинекей үзүндүсү. Ал жерде мени пара берип жаткандай кылып көрсөтүүсү - бул шантаж.

Бул тескерисинче укук коргоо органдарынын пара алууга мажбурлоо деп эсептелет. Кудай буюрса, азыр тергөө учуру болуп жатат. Тергөө бүткөндөн кийин баарын кенен, ачык-айрым айтып берем. Ошон үчүн Кыргыз эли буга ишенбейт. Ал жерде 1 миллион 300 миң доллар депозитке коюлган деп коркутуп, провокация кылганы туура эмес.

"Маселени биз чечип беребиз, чоңдор менен сүйлөштүк, алар макулдугун беришти, бирок өтө чоң сумма экен, сиз канча бересиз" деген талаптар менен бухгалтерибизди коркутуп, үркүтүшкөн. Анын оорулары бар эле ага карабай 5 саат сурак алып, кармап турушкан. Ооба, мен "канча процентке койгон болсоңуз, ошонун баарын кайтарып бериңиз" деп айтканым чын", - деген Токтомушев.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган. Ал эми муфтияттын башкы бахгалтерин эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.02.2021. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эх молдокелер
24.02.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден Муфтиятта уурулук эчак эле бар болчу. Анын баарын молдолор кылтыйп айтпай келишкен. Акча дегенде молдон деле жети секунда булузат. Акча дегенде ыйманга тукуруп салууа даяр турушат. Эч качан саясатташкан динге жол берилбесин. Аягы жакшы менен бутпойт. Тетири угут жургузгон молдолорго чара колдонуш керек. Бийлик муфтиятты катуу козомолго алыш керек.
24.02.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мирлан Ошол молдокелер динге кылган кызматты биз экообуз кылбагандан кийин сын такпай эле журолучу.Алардын ордуна экообузду коюп койсо биз алардан бир канча эсе кобуроок уурулук кылсак керек эле.
24.02.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муфтий шайлоого катышам деп Подстава болду, Эми соттон кийин бир сырды ачам деп дагы бир нерсе болбосо болду Максат ажы. Мураталы ажыны деле ошентип жок кылышкан эле го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: