Украинада болгон митингде 27 укук коргоо кызматкери жаракат алды
Киев шаарында Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин кеңсесинин жанында улутчулдар менен коопсуздук кызматкерлеринин арасында кагылышуу болду. Кагылышуу учурунда 24 адам кармалып, укук коргоо органдарынын 27 кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын баары түшүндүрмө бергенден кийин бошотулган. Митингге жалпысынан 2 миң адам катышкан. Катышуучулар көздөн жаш агызуучу газдарды колдонушкан. Жаракат алган милиция кызматкерлеринин көзү күйүк алган.
23-февраль күнү кечинде 3 миңге жакын жаран Киевдин борборунда жайгашкан президенттин кеңсесинин алдына чогулушкан. Алар коомдук ишмер Сергей Стерненкону адам уурдоо үчүн 7 жыл 3 айга эркинен ажыраткан соттун чечимине каршы чыгышкан. Митингчилер өкүмдү кайра карап чыгууну жана Башкы прокурор Ирина Венедиктованын кызматтан кетишин талап кылышкан. Акыркы маалыматтарга ылайык, митинг толугу менен таратылды.


