Телеграм социалдык тармагында жаңы функция пайда болду

Маалыматка ылайык, Телеграм бардык катышуучулары үчүн билдирүүлөрдү 24 сааттан же 7 күндөн кийин автоматтык түрдө өчүрүүнү орнотууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Телеграм мессенжери топторго жана жаңы каналдарга чакыруу үчүн убактылуу шилтемелерди автоматтык түрдө жок кылуу жаңы функциясына дагы ээ болду.
Эми топтордо жана каналдарда администраторлор гана билдирүүнү автоматтык түрдө өчүрүүнү жандыра алышат. Мурда бул функция жашыруун баарлашууда гана бар болчу.
Мындан тышкары, топтордо катышуучулардын санына чек коюлбайт. Ошондой эле колдонуучулар виджеттердин жардамы менен смартфондун үй экранынан баарлашууга тез мүмкүнчүлүк алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:54
2025-07-02

21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.